Мадумаров: экс-ажонун билдирүүсү кечиккен махабаттай

Президенттик шайлоодо негизги талапкерлердин бири болгон Адахан Мадумаров Алмазбек Атамбаевдин акыркы билдирүүсү боюнча оюн айтты.

Анын айтымында, бул кезге чейин болуп келген мыйзам бузууларды Атамбаев эми гана көрүп, билип жаткандай  элес калтырды.

Атамбаевдин интервьюсу кечиккен махабат дегендей эле кечиккен өкүнүч. Ал алты жыл президент, 1,5 жыл премьер-министр, жалпы жети жыл отуруп, бардыгын жасап коюш керек эле. Эмне кылып отурду? Азыр командамды соту жок, оту жок камап койду деп жатпайбы. Мурун деле болуп келген. Шайлоо боюнча канчалаган мыйзам бузуулар жөнүндө айтып жатат. Бирок ал мурун деле бар эле го. Негизинен Атамбаев тарабынан бүгүнкү бийликке доомат катуу коюлду. Бул бийликтин бетине кара чиркөө. Андан сырткары эл аралык легитимдүүлүгүнө да доо кетти”, – деди Мадумаров.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика