Мадумаров каршылык кол топтоо акциясы токтотула тургандыгын билдирди

Адахан Мадумаров бир жылдан бери Конституцияны өзгөртүү боюнча «Мен макул эмесмин» акциясынын негизинде кол чогултуп келген.  Ал акцияны расмий токтотконун саясатчы бүгүнкү маалымат жыйында билдирди. 

«Бүгүн биз кол топтоонуу расмий токтотобуз. Бизде азыркы учурда 200 миңден ашуун кол чогулду. Бирок мыйзамда көрсөтүлгөн 300 миңди чогултуу үчүн бизге дагы 100 миң кол керек. Ага дагы бир жылдай убакыт керек экен. Негизгиси биздин эл ө Конституцияда жазылган боюнча каршылык көрсөтүүгө даяр эмес экен», – деди Мадумаров.

Адахан Мадумаров өткөн президенттик шайлоого катышып, анын жыйынтыгына макул эместигин билдирип, Конституцияда көрсөтүлгөн мыйзамдык укугунан пайдалануу менен баш мыйзамды өзгөртүү максатында кол чогулта баштаган эле.

  • Маалымат жыйында ал Атамбаевдин берген акыркы маалымат жыйыны боюнча да пикирин билдирген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of