Мадумаров өзүнүн жана Текебаевдин тушунда парламент күчтүү болгонун айтты

Адахан Мадумаров бүгүнкү маалымат жыйынында парламентаризм темасына токтолду. Сөз арасында ал эң күчтүү парламент Өмүрбек Текебаевдин жана өзүнүн тушунда болгонун айтып өттү. 

“Өз эрки менен күрөшүп келген төрага болгондо парламент күчүн көрсөтүп атат. Бирөөгө жагабы-жакпайбы билбейм, Текебаев спикер болгондо парламенттин күчү кандай эле!? Аны президенттер байкашты да… Өзүм болсо президенттин каршы пикирин – ветосун аттап өтүш боюнча катуу иш жасайт элем. Менин колумдан келди -аттап өттүк. Бакиев каршы пикир койду, биз аттап өттүк. Ошол системаны эмне жоготту? Энергетика сектору, тарифти жогорулатуу жоготту”, – деди Мадумаров. 

Ал азыр парламентаризм деп жан үрөп жаткандардын көбү парламентаризм эмне экенин түшүнбөй турганын кошумчалады.

“Парламентаризм деген сөздү жаттап алышкан дагы, анын түпкү маңызын түшүнүшпөйт. Эгер парламентаризмди түшүнөм деген адам чыкса, мен ал менен түз эфирде жекеме жеке чыгууга даярмын”, – деди саясатчы. 

Ал саясат таануучу Зайнидин Курмановдун парламенттик башкаруу Кыргызстанга туура келбей турганы боюнча айткандарын кубаттай турганын билдирди.

“Бул киши илимий негизде туура айтты. “Мен 15 жылдык кыргыз тарыхын карап, парламенттик башкаруу  бизге түк  жарашпаган система экенин, биздин менталитетке, биздин геосаясий турган турагыбызга туура келбей турган маселе экенин түшүндүм”, – деди Курманов. Мен анын колун кыстым”, -деп кошумчалады Мадумаров. 

Адахан Мадумаров башынан эле парламенттик эмес, күчтүү президенттик башкаруу системасын колдой турганын айтып келет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика