Ошто окуучуларды албаган маршруттар линиядан алынат

Ош шаарында окуучуларды албай койгон маршруттук каттамдардын лицензиялары кайтарылып алынат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов эл менен болгон жолугушуусунда билдирди.

“Окуучулар 1 сомдон жол акы беришкендиктен көп учурлдарда машруттар албай коюшат экен. Эми Ош шаарынын мэриясы тарабынан көзөмөлгө алынып, мыйзам бузган айдоочулардын лицензиялары тартылып алынат”,- деди Сарыбашов.

Маалымат үчүн, Ош шаардык Кеңешинин токтомуна ылайык, окуучулар 1 сомдон ал эми дем алыш күндөрү 4 сомдон жол акы төлөнөт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика