Президент Султан Ибраимовго “КРнын Баатыры” наамын берүүгө даяр

Бүгүн мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгы белгиленди.

Иш чарада сөз сүйлөгөн президент Сооронбай Жээнбеков Султан Ибраимовго “Кыргыз Эл Баатыры” наамын ыйгарууну туура деп эсептей турганын билдирди. Бирок бул үчүн парламент мыйзамга өзгөртүү киригизип бериши керек.

“Султан Ибраимов элдин оюнда, жүрөгүндө эчак эле Элдик баатыр болуп калган. Тилекке каршы,  бул наамды ага  расмий ыйгарууга 2017-жылы кабыл алынган мыйзам жол бербейт экен. Султан Ибраимовдун кыргыз мамлекети үчүн жасаган эмгегин татыктуу баалоо иретинде, кийинки муундун урмат-сыйын билдирүү максатында мен Султан Ибраимовго „Кыргыз Республикасынын Баатыры“ ардактуу наамын ыйгаруу туура болот деп эсептеймин. Ал үчүн депутаттардан мыйзамга тийиштүү өзгөртүү киргизүүнү өтүнөт элем. Парламент каршы болбойт деп ишенем. Мыйзам кабыл алынса, тийиштүү Жарлыкка кол койгонго мен даярмын», – деди президент. 

Сооронбай Жээнбеков Султан Ибраимовдун Кыргызстан үчун жасап кеткен иштерине кенен токтолду.  Президенттин кайрылуусу толугу менен бул жакта.

Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын берүү демилгесин Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев 2014-жылы көтөрүп чыккан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика