Равшан Жээнбеков: Президент экстер менен жолукса эле өлкө өзгөрүп кетпейт

VB.kg

Коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбеков, президент экс-төрагалар жана мурунку өкмөт башчылары менен жолугушуусунан өлкөдө эч кандай өзгөрүү болбостугун “Калыс Медиага” билдирди.

“Президент бир жылдан бери көп жолугушууларды жасады, көп туура сөздөрдү айтты. Тилекке каршы маанилүү башкаруу моделде, саясий системада реформа жасоодо өзгөрүү боло элек. Туура сөз, жолугушуулар менен эле өлкө өзгөрбөйт”, – деди Жээнбеков.

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кечээ Жогорку Кеңештин мурунку төрагалары жана экс өкмөт башчылары менен жолугушкан. Анда президент мамлекеттин келечеги жана өткөн тарыхы үчүн баардыгы жоопту экендигин билдирген.

Жолугушууга кимдер келгендигин бул жерди басып сүрөттөрдөн көрүңүз.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика