Сауд Аравиясы Кыргызстанга $3,8 млн грант бөлөт. Каржы кайда жумшалат? Тизме

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандын социалдык-инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашыруу алкагында 3 млн 797 миӊ доллар өлчөмдөгү грант бөлөт. Бул ЖКнын бүгүнкү жыйыныда айтылды.

Каражат төмөнкү жумуштар үчүн жумшалат:

– Кара-Кулжа, Түп айылында үй-бүлөлүк медициналык борборлорду жана Улуттук фтизиатрия борборунун кургак учук бөлүмүн жабдыктар менен жабдылоого  – 1 млн 245,2 миӊ доллар

– Сауд Аравия Королдугуна этти экспортто үчүн Чүй областына карантиндик зона курууга – 960 миӊ доллар

– Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтун заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылоо – 1 млн 440 миӊ доллар

– Гранттык макулдашуунун алкагында, жогорудагы үч долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн консультациялык кызматтар  – 151,8 миӊ доллар

Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын башчысы Калысбек Жумакановдун айтымында, Кыргызстандын аймагына (карантиндик зона) заманбап соода-логистикалык борборун куруу Сауд Аравия Королдугуна жана дагы башка айыл чарба жаныбарларын жана жаныбарлардан алынган продукцияларды экспорттоого мүмкүндүк берет. Ал үчүн Чүй облусунун аймагынан 5 гектар жер бөлүнүп берилүүгө тийиш.

Гранттык келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика