Шыкмаматов: Өмүрбек Текебаев мунапыс талаптарына туура келбейт

Өмүрбек Текебаев “коррупция” беренеси менен соттолгон. Бул берене мунапыс берүүгө жол бербейт. Мындай маалыматты атамекенчи Алмамбет Шыкмаматов бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

“Мунапыс боюнча ЖК да мыйзам каралып жатат. Бирок ал мыйзамда “коррупция” беренеси жок”, – деди Шыкмаматов.

“Ата-Мекен” фракциясынын өкүлдөрү жаңы ачылган жагдайлар боюнча Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкүл Чотоновдун ишин кайра карууну талап кылууда.  Алар президент же башка институттардан соттун ишине кийлигишсин дешпей турганын, болгону маселе мыйзам чегинде каралышы керектигин айтышты.

Шыкмаматов Өмүрбек Текебаевдин айыптуу эмес экенин, Маевскийден бир да тыйын албаганын далидей турган бүт документтер бар экенин кошумчалады.

  • Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алган деген айып менен 2017-жылдын февраль айында камакка алынган. Сот аларды сегиз жылга эркинен ажыраткан.
  • 16-ноябрда Леонид Маевский Москвада камакка алынган. Ага бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн жабырлануучулардан 37,5 млн доллар талап кылган деген кине коюлган.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика