Турсунбек Чыңгышев губернатор институтун кайтарууну сунуштады

Мындай сунушун Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Турсунбек Чыңгышев кечээ, 20-ноябрда өткөн президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-төрага жана мурдагы премьер-министрлердин жыйынында айткан.

Азыркы облус жетекчилеринин укуктары чектелген. Президенттин багыты  аймактарды өнүктүрүү болуп жатса, анан алар кантип өз облустарын өнүктүрөт? Губернаторлорго аймактын социалдык жана экономикалык көйгөйлөрүн өзү чечүү укугун кайтарып берүү керек“,-деди Чыңгышев.

Президент менен жолугууга келген экстердин тизмеси бул жерде.

  • Турсунбек Чыңгышев кыргыз өкмөтүн 1992-жылдын февраль айынан 1993-жылдын декабрына чейин жетектеген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика