Чет өлкөдөгү журтташтар четте калбайт. Президент тиешелүү жарлыкка кол койду

Президентке караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш  түзүлдү.

Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдирди.

Төмөндө Жарлыктын толук тексти:

Соңку жылдары чет өлкөдө иштеген биздин мекендештердин саны өсүп жатат, алар Кыргызстандагы ар кандай экономикалык долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар. Мамлекет мындай демилгелерди ар тараптуу колдойт жана Кыргызстандын экономикасына акча салууну каалагандарга бардык зарыл шарттарды түзүп берет.

Өлкөдө жаңы өндүрүштөрдү жана ишканаларды түзүү үчүн башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүү жана колдонуу максатында өндүрүштүн келечектүү чөйрөлөрүнө мекендештерибизден инвестицияларды тартууга дем берген тиешелүү финансылык механизмдерди иштеп чыгуу керек жана зарыл инфраструктура болууга тийиш.

Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн мамлекет менен чет өлкөдө жашаган мекендештердин ортосундагы конструктивдүү өз ара мамилени түзүүгө, диаспоралардын потенциалын бириктирүүгө бардык тараптар кызыкдар.

Андыктан, Кыргызстан менен тарыхый, маданий, экономикалык, бир туугандык байланыштары бар мекендештер, ошондой эле барган өлкөлөрдөгү диаспоралык уюмдар менен тыгыз диалогду колдогон башкаруу системасы мамлекеттик деңгээлде түзүлдү.

Мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын бул багыттагы күч-аракеттери координацияланат.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Айрым маалыматтарга караганда чет өлкөдө 1 млн. го жакын кыргызстандык жаран күн кечирүүдө.

 

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика