Даярдыгы начар жетекчи Аида Касымалиеванын сынына кабылды. Видео

Эл өкүлүнүн сынына Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев кабылды.

Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандан Катардын Доха шаарына түз каттамды ачуу боюнча мыйзамды ратификациялоо маселеси талкууланып жаткан.

Аида Касымалиева каттам ачылса, Кыргызстан үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр жараларын, жумасына рейске адамдар толор-толбосу, бизге келчү туристтер үчүн кандай артыкчылыктар болоруна кызыкты.

Курманбек Акышев бүдөмүк эсептөөлөр болгонун айтып, эл өкүлүнүн ачуусун келтирди. Акырында Касымалиева жөлөп-таяп атып, чиновниктен араң жооп алды. Видеону толугу менен көрүңүз.

  • Кыргызстан менен Катар мамлекеттери ортосунда аба каттамын ачуу боюнча макулдашууга 2018-жылдын 21-январында Катардын Доха шаарында кол коюлган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика