Депутат келерки жылды экология жылы деп жарыялоону сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Рада Түмөнбаева келерки жылды Экология жылы деп жарыялоону президентке сунуштады.

Эл өкүлү мындай сунушун парламенттин бүгүн, 22-ноябрдагы жыйынында көтөрдү.

Акыркы убакта Кыргызстанда, анын ичинде жашыл шаар болгон Бишкекте экология маселеси башкы орунга чыкты. Изилдөөлөр көрсөткөндөй аба кирдегени нормада алда канча ашыкча экени аныкталган.

Үстүбүздөгү жыл президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика