Эртең Оштун негизги көчөсү бир нече саатка жабылат

Ошто Ленин көчөсүнүн айрым жерлери убактылуу тосулат. Чектөө саат 8:00дөн 10:30га чейин киргизилет. 

Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

23-ноябрда Ош шаарында “Коопсуз ордо” долбоорунун алкагында экстремизм жана терроризмге каршы жөө жүрүш өтөт. Ага байланыштуу Ленин көчөсү Гапар Айтиев көчөсүнүн кесилишинен борбордук аянтка чейин убактылуу жабылат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика