“ГАЗ-53” сууга кулап, эки киши каза тапты

21-ноябрда кечки саат бешке жакын “ГАЗ-53” үлгүсүндөгү унаа көпүрөдөн өтүп бара жатып, Чоң-Кемин суусуна кулап кеткен. Кырсык эки адамдын өмүрүн алды.

ӨКМден билдиришкендей, кырсык курмандыктары 42 жана 41 жашта болушкан.

Куткаруучулар унаада кыпчылып каза болгон жарандардын жансыз денесин чыгарып, милицияга өткөрүп беришкен.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика