Карамушкина: Оштун мэринин жарандыгын УКМК текшериши керек

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун жарандыгын текшерип көрүү керек. Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина билдирди.

Депутат мэрдин жарандыгы боюнча тиешелүү органдар текшерүү жүргүзүп, жообун бериши керек деген ойдо.

“1971-жылы Алай районунда туулгандыгы анык. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жашаган жери Новосибирск шаарынын Лескова 173 көчөсү экени тууралуу маалымат чыгып жатат. Эгер Орусиянын ИНН аныктоочу сервери аркылуу тактай турган болсок, мэрдин жарандыгы ошол жактан чыгып жатат. Ал жерде ката кетиши мүмкүн эместиги айтылат. Бул менен Орусиянын салык кызматы Сарыбашовду ал жактын жараны катары таанып жатат. Ага байланыштуу УКМКга кайрылып, бул маселе боюнча иликтөө жүргүзүп, өз жообун берүүсүн талап кылат элек”, – деди Карамушкина.

  • Бул мезгилге чейин интернетте Таалайбек Сарыбашовдо Орусиянын жарандыгы бар делген маалымат тараган. Ал эми мэр өзү муну четке кагып келет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика