“Кумтөргө” кимдер кызыкканын Центерранын жетекчиси айтты

“Кумтөр” алтын кенине эл аралык, анын ичинде кытай компаниялары инвестиция салууга же сатып алууга кызыкдарлыгын билдиришкен. Бирок, азыркы тапта компания кандайдыр бир расмий сунуштарды алган эмес.

Бул тууралуу «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуусунда билдирди деп маалымдады өкмөттүн маалымат кызматы.

Жолугушууда кенде жүргүзүлгөн экологиялык иликтөө иштеринин натыйжалары, Кумтөр кенине тийиштүү маселелер талкууга алынды.

Компания кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча үстүбүздөгү жылы Кумтөр кенинде 15,5 тоннадан кем эмес алтын өндүрүүнү пландаштырууда. Бул болжолдуу көрсөкүчтөрдөн жогору болуп саналат.

Ошондой эле «Centerra Gold Inc.» компаниясы тараптан эки жылдык геологиялык иликтөө иштеринин программасын каржылоо жөнүндө чечим кабыл алынган. Аталган программаны ишке ашыруудан кийин Кумтөр кенин эксплуатациялоо мөөнөтүн бир нечежылга узартуу үчүн бардык шарттар түзүлөт.

«Кайсы бир сунуш финансылык пайдалуу катары каралган шартта «Centerra Gold Inc.» милдеттүү түрдө ири акционер – кыргыз өкмөтүнө келишимге кызыкдарлыкты баалоо тууралуу кайрылат. Кандайдыр бир келишим боюнча акыркы чечим компаниянын акционерлери тарабынан кабыл алынат», – деди Скотт Перри.

Кыргызстан акыркы эки жылдан бери “Кумтөр” алтын кенин иштетип жаткан Centerra Gold Inc. компаниясынан дивидент ала элек. Өлкө эгемендүүлүк алгандан бери Кумтөрдү канадалык компания иштетип келет. Анда Кыргызстандын 26,5 пайыз үлүшкө ээ.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика