Кылычбек Жолдошев тоолуу райондордо эл менен жолугушууларды өткөрдү

Жалал-Абад ОИИБнин башчысы Кылычбек Жолдошов тоолуу Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондорунда жергиликтүү калк менен жолугушууда. Бул тууралуу башкармалыктын өкүлү Мыктыбек Турдубеков билдирди. 

20-ноябрда Чаткалдагы жолугушууга жергиликтүү бийлик жана милиция өкүлдөрү, Кызыл-Токой, Терек-Сай айылынын эли катышты. Алгач РИИБ башчысы аткарылган иштер боюнча отчет берди. Эки саатка созулган жыйында социалдык маселелер, аймактагы чет элдик компаниялардын ишмердүүлүүгү, алтын кен казуу иштери багытында суроолор көп түштү. Кылычбек Жолдошев бардык аракеттер мыйзам чегинде болушу керектигин эскертип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

21-ноябрда болсо жолугушуулар Ала-Бука жана Аксыда жалпы миңдей адамдын катышуусунда уланды. Негизги көйгөйлөр жаш өспүрүмдөрдүн тарбиясы аны менен бирге ата-энелердин жоопкерчилиги, үй-бүлөлүк чыр-чатактарды алдын алуу, жол коопсуздугу, чек арага чектеш аймактардагы мал уурулуктардын алдын алуу багытында болду.

Кылычбек Жолдошев ар бир сунуш көйгөйдү өз убагында чечүүгө жана иш жүзүндө натыйжасы болорун убада кылды. Жол кыймылынын коопсуздугу багытында рейд уюштурула турган болду, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору жана аймактык тескөөчүлөргө айтылган сунуштарына карата тез арада иш багыттарын жандандырууга тапшырмалар берилди.

Мындан сырткары Кылычбек Жолдошов аймактык тескөөчүлөр иштеген жеринде жашасын, аларга шартты жергиликтүү бийлик түзүп берсин деген тапшырма койду.

Мындай жолугушуулар буга чейин Жалал-Абад шаарында, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак райондорунда өттү.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика