Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду аймактардагы каржылоону 15%га көбөйттү

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду ушул жылдын башынан бери айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана экспортко чыгууга далалаттанган аймактардагы ишкерлерди каржылоону көбөйттү.

Бул тууралуу  фонддун төрагасы Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, бардык аймактарда жергиликтүү ишкерлерди консультациялоону камсыз кылуу үчүн регионалдык борборлор ачылган.

«Биз бардык региондордо консультацияларды берүүчү жана фонддун эсебинен каржылоонун шарттарын түшүндүрүүчү регионалдык консультациялоо борборлорун ачтык. Алар ошондой эле ишкерлерге бизнес план түзүүгө жана каржылоо алуу үчүн зарыл документтерди толтурууга жардам беришет”,-деди .

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду Кыргызстандын ЕАЭБге кирер алдында түзүлгөн. Биримдикке Армения, Беларуссия, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия кирген. Кыргызстан уюмга 2014-жылы кирген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика