“Той ээсинин” торуна илингендер. Ошто ири алдамчылыкка шектелген адамды кармашты

Ошто “уулумду үйлөп жатам” деп бир канча соода жайларын 20-60 миң сомго алдап кеткен деген шек менен 51 жаштагы жаран кармалды. Ал ар бир жасалган кылмыштан кийин Өзбекстанга качып, ошол жактагы көңүлдөшүнүн үйүндө жашынып жүргөнү айтылууда. 

Ош ШИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, кармалган Х.Р. азырынча алдамчылык боюнча 13 учурга шектелүүдө.

“Шектүү костюм-шым кийип, сыртынан чоң кызматтагы адамдай көрүнгөн. Андан аркы схема баардык учурда окшош болгон – ал маркеттен 10-20 миң сомдук товарды таксиге жүктөйт. Анан акыны төлөгөнгө келгенде акчам ресторан жанындагы унаамда калып кетиптир дейт да, азыр таксиден товардын акчасына кошуп кайтарам деп сатуучудан 20-60 миң сом да алат. Жакшы кийинген кишиге дүкөнчүлөр тыйынын кармата беришкен. А шектүү болсо андан ары из жашырат. Таксист ресторанга барса, администраторлор мындай буюртма болбогонун айтышат. Ошентип, ортодо сатуучулар накталай карматкан акчасын да алдырып отуруп калышат”, – дешти милициядан.

Маалыматта айтылгандай, алдамчылык амалы ишке ашкан ар бир учурдан кийин Өзбекстанга чыгып кетип, ошол жактагы көңүлдөш аялдын үйүндө жашынып жүргөн.

Ош ШИИБ азырынча 13 факты менен кылмыш ишин козгоду. Бул жаранга алданган жабырлануучулар болсо, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бѳлүмүнѳ (0222) 2-75-15 же 102 телефону аркылуу кайрылса болот

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика