“Вечерний Бишкектин” кожоюну Рябушкин кармалды

21-ноябрда “Вечерний Бишкектин” ээси Александр Рябушкин кармалды. Буга анын Икрамжан Илмиянов менен Эркин Мамбеталиевге компенсация төлөбөй жүргөнү себеп болду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 
“Вечерний Бишкек” басма  үйү”  ЖАКтын жана “Рубикон” жарнамалык фирмасы” ЖЧКнын ээси Александр Рябушкин доого жыгылган жалгыз ММК өкүлү эмес.
Свердлов райондук сотунун 2016-жылдын 5-февралындагы чечими менен Бишкек шаардык сотунун апелляциялык инстанциясынын өкүмү менен www.vb.kg сайты, “Жаңы агым”  “МСН” гезиттери , “Рубикон” жарнама фирмасы – баары биригип Эркин Мамбеталиевге келтирген моралдык чыгым үчүн 1 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирилген.
Мындан сырткары  Свердлов райондук сотунун 2015-жылдын 28-августундагы сырттан чыгарылган чечими мененен “Вечерний Бишкек” Икрамжан Илмияновго 1 млн сом доо төлөп бере турган болгон.

Бул доолорду Алмазбек Атамбаевдин жанындагылар “Вечерний Бишкекти” рейдердик басып алууга аракет көргөн маалда болгон. Бир жагынан Александр Рябушкин медиахолдингди өз менчигине өткөрүп алуу үчүн соттошуп жаткан. Экинчи жактан “Вечерний Бишкекти” доолорго  жыгып, жакырдантууга аракет кылышкан. Соттор өкүмдү Рябушкин медиахолдингге ээ болгондон кийин чыгарды.

Эске салсак, ИИМ өкүлдөрү Рябушкин кадрлар бөлүмүнүн башчысы жана эсепчи менен бирге каржы документтерин өзгөрткөнү жатканын билип калып, октябрь айында жекшемби күнү компанияга тинтүүгө келип, баарын мөөрлөп кетишкен. Кийинчерээк иш бөлмөлөрү ачылган. 

Бул “Вечерний Бишкек” айланасындагы жалгыз иш эмес. Медиакомпаниянын мурдагы ээси Александр Кимдин арызы менен козголгон кылмыш ишин укук коргоо органдары иликтеп жатат. Ким болсо “Вечерканы” 2015-жылы рейдерлик жол менен тартып алышкан деп эсептейт.
Булак: Кактус

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика