Жээнбеков Жоламан Шаршенбековду энчилүү саат менен сыйлады

Президент Сооронбай Жээнбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль жеңип алган Жоламан Шаршенбеков жана анын машыктыруучусу Хаким Махмудовго президенттин энчилүү саатын тапшырды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчысы Кыргызстандын тарыхында спортчулар биринчи жолу 3 алтын, 5 күмүш, 12 коло медаль алганын белгилеп, грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында спортчулар эки гана жолу финалдык беттешке чыгышканын айтты.

“Алардын бири Канатбек Бегалиев болсо, экинчиси Жоламан Шаршенбеков. Ушундай аракет менен дагы машыксаң, дагы көп ийгиликтерге жетишесиң”,-деди президент.

Жоламан Шаршенбеков 19 жашта. Ал ушул жылы Бишкекте өткөн грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатында күмүш байге алган.

Анын бул байгеси быйылкы дүйнө чемпионатындагы Кыргызстандын эсебине таандык жалгыз байге болгон. Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн тарыхындагы экинчи күмүш медал. Буга чейин дүйнө чемпионатында биринчи күмүш медалды балбан Канат Бегалиев 2006-жылы Гуанчжоуда өткөн дүйнө чемпионатында жеңип алган.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика