ЖКда Атамбаевдин хан сарайы мыйзамсыз курулганы айтылды

Депутат Наталья Никитенко экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн мыйзамдуулугун текшерүү боюнча маселе көтөрдү.

Эл өкүлүнүн айтымында, үйдүн курулушуна тиешелүү уруксат кагаздары алынган эмес.

 “Наше права” коомдук бирикмеси жөнөткөн суроо-талапка келген жоопко ылайык, Бишкек архитектура курулушка уруксат берген эмес. Буга кошо Мамлекеттик  курулуш агенттиги тиешелүү эскпертиза жүргүзгөн эмес. Стратегиялык объектилерди курууда же жарандык курулушта кандай талаптар аткарылышы керек? Эмнеге Бишкек архитектурасы жана мамлекеттик капиталдык курулуш ишканаларынан тиешелүү документтери алынган эмес?” – деп суроо салды Никитенко.

Депутат бул маселе боюнча тактоо жүргүзүп, маалымат берүүнү өмөткө тапшырды.

Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үй үчүн жерди экс-мэр Албек Ибраимовдон сатып алган. Ал акыркы интервьюсунда бул маселеге да кайрылып, хан сарайын адал акчасына мыйзамдуу түрдө тургузганын айткан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика