Абылгазиев Талас облусун кыдырат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 23ноябрда, жумушчу сапары менен Талас облусуна барат.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, өкмөт башчы аймактын бир катар айыл чарба объектилеринин ишмердиги менен таанышат.

Анын ичинде Бакай-Ата районундагы «Нур»  көп тармактуу айыл чарба кооперативи, Кызыл-Адыр айылындагы «Эмилия» сүттү кайра иштетүүчү заводу жана Кара-Буура районундагы Жоон-Добо айылындагы М.Лущихин атындагы Мамлекеттик асыл тукум заводу бар.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас шаарындагы кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушунун жүрүшүн текшерет.

Буга чейин депутат Ырыскелди Момбеков Таласта төө буурчак арзан болуп жатканын. Абылгазиев өкмөт башчы болгондон бери бир дагы жолу Таласка басып барбаганын сынга алган болчу.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика