Бишкек мэриясынын кызматкерлери тажрыйба алмашуу үчүн Ошко келди

Делегация Ош шаарына бүгүн келди. Топтук курамда Бишкек мэриясынын өкүлдөрү жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары бар.

Жолугушууда Бишкек жана Ош шаарлары биргеликте өнүгүүдөгү мыкты практикалары менен бөлүшүүнү талкуулашат. Канткенде муниципалитеттер ишмердүүлүктү жакшырта алышары да сөз болуп жатат.

Эки шаардын өзгөчө долбоорлору презентацияланууда. Бул тууралуу Ош мэриясынан маалымдашты.

Бишкек мэриясынын өкүлдөрүн  КРнын өз алдынча башкаруулардын Союзунун директору Өмүрбек Алманбетов баштап барды. Эки тараптуу жолугушууга Ош шаарынан мэриясы жана  аймактык кеңештин өкүлдөрү катышууда.

Тажрыйба алмашуу иш-чарасы мамлекеттин жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу тарабынан уюштурулуп жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика