Бишкекте 4 миңден ашык бош жумуш орундары бар

Ушул айдын аягына карата Бишкек шаарында 4 миң бош жумуш орундары бар. Анын 3 миңден ашыгы  тигүүчү, ширетүүчү, ашпозчу сыяктуу жумушчу кесиптер. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди. 

Жыл башынан бери мамлекеттик жумуш менен камсыздоо органдарына иш берүүчүлөрдөн 10 миңдей бош орун бар экени боюнча кайрылуу түшкөн. Бул маалыматты Бишкек шаардык жумуш менен камсыздоо департаментинин башчысы министр Улукбек Кочкоров менен жолукканда маалымдады.

Бир бош орунга экиден кем эмес адам ат салышат. Жарыяланган орундарга 7 миңден ашык адамды жайгаштырдык”, -дейт башкармалыктын жетекчиси.

Негизги көйгөй – иш берүүчүлөр менен иш издөөчүлөрдүн суроо-талабы туура келбегенинде. Мисалы, дээрлик 2 миңдей жумуш издөөчүлөрдүн адистигине жараша иш табылган жок.

А эмгек рыногу жогорку билимдүүлөргө суусап турган жок. Талап тигүүчүлүк, айдоочу, сатуучу, ашпозчу, официант, куруучулар, сантехник, күзөтчү,  чач тарач жана кара жумушчуларга жогору.

Министр Улукбек Кочкоров жаштарды суроо-талап күч кесиптерге даярдоо жагын колго алуу керектигин билдирди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика