Бишкекте эки унаа кагышты. Сүрөт

Бүгүн кечке маал Бишкек шаарынын Калык Акиев – Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде эки жеңил унаа кырсыкка учурады. Айдоочулардын бирин тез жардам алып кетти. 

Окуяга күбө болгон кабарчыбыздын айтымында, “Равон” унаасы экинчи катардагы жолдон негизги жолго чыга калып, “Форд” үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган. “Равондун” айдоочусу жабыркап, тез жардам кызматы алып кеткен.

Учурда ЖККК кызматы тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика