Бурулайдын өлүмү боюнча сот отурумунун аягында мушташ чыкты

Эки тарап кайым айштышып, андан кийин жакалаша кетишкен.

Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча Свердлов райондук сотундагы отурум аяктагандан кийин жабырлануучулар менен айыпталуучулардын тарапташтары мушташа кетти.

Сот бүтүп тараптар залга чыкканда Бурулай тараптан келген кыз айыпталуучулардын бирин “адам өлтүрдүң”, – деп айыптап кыйкырып, алар айтыша кетишкен. Ал ортодо эркектер жакалашып, бири-бирин чаап жиберишти. Мушташкандарды милиция кызматкерлери араң ажыратып калышты.

Булак: Спутник

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика