Бурулайдын портрети жатакана дубалына тартылды

Борбор калаанын Логвиненко көчөсүндөгү Бишкек медициналык колледжинин жатаканасынын сыртында ала качуунун курмандыгы болгон маркум Бурулай Турдалы кызынын портрети тартылды.

Граффити-портретти стрит-арт сүрөтчүлөр тарткан. Алар сүрөт аркылуу коомчулукту ала качууга каршы турууга чакыргысы келишет.

“Кыздын кейиштүү окуясы баарына белгилүү. Эмгегибиз гендердик зомбулукка, аял кишиге жана кыздарга карата зомбулук көрсөтүүгө каршы коомчулуктун назарын буруу ала качууну токтотууга чакырат”, – деп жазган сүрөттүн авторлорунун бири стрит-арт сүрөтчүсү Сергей Келлер Фейсбук баракчасына.

“Аялдарга жардам борбору” коомдук бирикмеси жыл сайын 25-ноябрда баштап гендердик зомбулукка каршы  16 күндүк акцияны өткөрүп келет. Акция Бурулайдын Граффити-портрети менен башталат.

Быйыл 27-майда Бурулай Турдаалы кызы Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Аны айылдашы алып качып баратканда милиция кызматкерлер колго түшүргөн болчу.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика