Депутат экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу мыйзамын тездетүүнү талап кылды

Жогорку Кеңештин пленардык отурумунда экс-президенттин кол тийбестиги боюнча мыйзам долбоорун тездетүүнү депутат Курманкул Зулушев талап калды.

Анын айтымында мыйзам долбоору даяр болгону менен, талкууга алып чыгуу кечигүүдө.

Биз депутат Масалиев экөөбүз “Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү” мыйзам долбоорун иштеп, 22-сентябрь күнү төрагага жибергенбиз. Андан кийин төраганын колу менен 24-сентябрда жооптуу комитетке келип түшкөн. бүгүн 57 күн же эки ай убакыт өттү. Мыйзам долбоору же комитетке чыкпайт, же жообу келбейт”, – деди Зулушев.

  • Кыргызстанда экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча маселе көптөн бери көтөрүлүп келет. Конституциялык палата мыйзамдагы бул норма Конституцияга каршы келет деп тапкан. Эгер өзгөртүү кабыл алынып калса, Атамбаевди жоопко тартууга болот, ал эми Отунбаевага бул норма тиешелүү эмес, анткени ал милдетти аткаруучу гана болгон деп түшүндүрүшкөн демилгечилер.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика