ИИМге милициянын мыйзамсыз аракеттери боюнча эң көп арыз түшөт

Ички иштер министрлигине өткөн 10 айда мамлекеттик мекемелерден жана жарандардан дээрлик 7 миңге жакын кайрылуу түшкөн. Алардын көпчүлүгү милициянын мыйзамсыз аракетине даттанат.

Андан кийинки орундагы арыздар ЖККК адистеринин ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгон. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Түшкөн арыз-датануулардын жарымын министрлик көзөмөлгө алган.
ИИМ алар менен байланышуу жолдорун эске салат:
Катты Бишкек шаары Фрунзе 469, 720010 дарегине же secretariat@mvd.kg электрондук дарекке жөнөтсөңуз болот. 
Ишеним телефон: (996 312) 26 60 27, коомдук кабылдама:  +(996 312) 26 60 64.
Сүрөт: Азаттык

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика