Интернетти жарган видео. Ош милициясы мушташкан кыздарды тапты

Соцтармакка тараган видеодогу мушташкан өспүрүм кыздарды милиция тапты. Алдын ала иликтөө ур-тепкиге алып жаткан кыз мурда уурулук жана бейбаштык үчүн соттолгонун көрсөттү.

Ош ШИИБнин маалымат кызматы билдиргендей, окуя 21-ноябрда түшкө жакын болгон. Алгач Инстаграмдагы фейк-аккаунттарынан айтыша кеткен кыздар талашты чечип алуу үчүн Ош шаарынан жолугат. “Космонавттар” багында башталган талаш үй короосунда уланып, мушташ чыгат.

Ур-тепкиде калган өспүрүм Ош шаарындагы мектептердин биринде 11-класста окуйт, 16 жашта. Аны сабаган жана окуяны камерага тарткан курдаштар – Отуз-Адыр айылынын тургундары. Үч кыз тең жалгыз бой энелердин колунда тарбияланган.

Видеодо кызды тепкилеп жаткан отузадырлык өспүрүм буга чейин уурулук жана бейбаштык үчүн соттолгон. Ушул тапта ал дагы бир уурулук иште Кара-Суу милициясында шектүү катары өтүүдө. Ал эми видеого тартып жаткан анын курбусу эч жерде окубайт, 15 жашынан медреседе окуп, аппендицит болуп калгандыгына байланыштуу анысын таштап койгон.

Бул фактыны милиция бейбаштык катары каттап, териштирүүнү улантууда. Кыздар бири-бирине арыз жазуудан баш тарткан.

Сүрѳттѳ: кызыл курткачан кыз – жабырлануучу, кара күрмѳчѳн кыз – шектүү, жоолукчан – видеотасмага тарткан кыз/Ош ШИИБ

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика