Майып балдардын ата-энелерине акы төлөп берүүнүн жобосу бекитилди

Өкмөт ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балага кам көргөн ата-энелерди колдоо боюнча жобону бекитти.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиргендей, тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Ага ылайык, багууга жана  көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар ата-энелерди колдоо максатында социалдык кызматтын жаңы түрү «жеке ассистентти» түзөт.

Көрсөтүлгөн категориядагы балдар күнү-түнү көңүл бурууга муктаж болгондуктан, эреже катарында, ата-эненин бири иштөө мүмкүндүгүнө ээ эмес жана пенсиялык жана медициналык камсыздандыруу кепилдигинен ажыратылган, тагыраагы, мындай ата-энелер иштей алышпайт, демек пенсия алуулары мүмкүн эмес.

Жаңы жобо ата-энесине, мыйзамдуу өкүлдөрүнө жана жакын туугандарына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балага кам көрүүнү улантууга, мамлекет тарабынан каржылык колдоо алууга, ошону менен бирге келечекте пенсия алуу мүмкүндүгүн жоготпоого шарт түзөт.

Жеке ассистентке ай сайын финансылык жардам катары акы төлөөнүн өлчөмү минималдык керектөө корзинасынын өлчөмүнө теңдештирилген. Азыркы кезде ал 4900 сомду түзөт. Жеке ассистент баланы багуу боюнча социалдык-тиричилик кызматтарды көрсөтүүдөн тышкары Реабилитациялоонун жеке программасын ишке ашырууда балага көмөк көрсөтөт. Бул майыптуулугу бар баланын жашоо сапатына жана өөрчүшүнө оң таасирин тийгизет.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча азыркы учурда өлкөдө 29,9 миң  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бала бар. Анын ичинен 6 миң бала ар дайым көзөмөлгө муктаж.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана алардын ата-энелерин колдоо үчүн алдын ала эсептөөлөргө ылайык республикалык бюджеттен жыл сайын болжол менен 420 млн. сом талап кылынат.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика