Макгрегорду туураган электрик сынактан ийгиликтүү өттү

Конор Макгрегорду туураган электрик Адилет Асанбеков коопсуздук эрежелери боюнча сынактан ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынан билдиришти.

Адилет оозеки текшерүүдөн да, компьютердик тесттен да жыгылган жок.

Электр мамычасына мушкер Конор Макгрегорду туурап чыккан электрикке карата буга чейин дисциплинардык мүнөздөгү чара колдонулду. 

“Электрик монтердук боону таккан эмес, коргоочу касканын боосун жаагына кадаган эмес. Эрежелерди мынтип сактабай коюнун кесепети өтө оор болуп калышы мүмкүн”,  -дешкен. “Түндүкэлектрден”.

Соцтармакта популярдуу болгон видео төмөндө:

Мушкер Конор Макгрегордун басышы бул:

Сүрөт: Кактус 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика