Орусиядагы кыргыз мигранттары көк бөрүдө күч сынашат

29-ноябрда Орусиянын Иркутск шаарында кыргызстандык мигранттар арасында көк бөрү мелдеши өтөт. 

Уюштуруучу Нурлан Жоробаевдин айтымында оюнга Орусиянын алты шаарынан командалар катышат. Алар: Чита, Улан-Уде, Красноярск, Новосибирск, Октябрск жана Москва.

Байгеге жеңил автоунаа, беш жылкы, топоз жана башка белектер коюлган. Ал эми баш байгеге алтын кур берилет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика