Ош: экстремизм жана терроризмге каршы жөө жүрүшкө чыгышты

Бүгүн, 23-ноябрда Ош шаарында вице-мэри Асылбек Топчубаев жетектеген мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, шаардагы бардык мекеме ишканалардын, казыяттын, жогорку, орто окуу жайлардын кызматкерлери, шаар тургундары жана жаш активисттердин катышуусунда жөө жүрүш болду.

Мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, иш-чара “Коопсуз Ордо” долбоорунун алкагында болуп, экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүдө коомчулуктун көңүлүн буруу, алардын алдын алуу максатын көздөдү.

Жөө жүрүштүн катышуучулары колдоруна экстремизм жана терроризмге каршы жасалган плакаттарды көтөрүп, улуттар аралык мамилени чыңдоого, элди бейпил жашоого, достукка үндөп, өнүгүү жолунда бара жаткан мамлекетти гүлдөтүүгө биргеликте кам көрүүгө чакырышты.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика