Оштогу жөө жүрүшкө окуучу-студенттер “мэриянын буйругу менен чыкканын” сындап жатышат

0

Ош шаарында  болуп өткөн жөө жүрүшкө  нааразычылык пикирлерин билдиргендер чыкты. Алардын бири шаардык мэрия ар бир жогорку окуу жайга 1000 студент, шаардык билим берүү башкармалыгынан 1000 окуучу чыксын деген буйрук берилгенин жазып чыкты. 

Ошондо террорчулар кыйкырып качып кырды ашып кетет окшойт менимче. Студенттер сабак окуйбу же маршировка 1000, терроризмге 1000ден чыгып, көчө таптап, тынч жашайбыз деп жүрө береби? Жөө жүрүштөн кийин кайсы азамат студентти сабакка киргизебиз? Биз да студент болгонбуз да…”, – деген пикир айтылды.

Суукта дирилдеп, окуучу, студенттерден сырткары  врачтар, муниципалдык мекемелер, МАИ кызматкерлери жүрүшкөнүн кошумчалады. Бирок пост бир аз өткөндөн кийин өчүрүлдү.

Бул жүрүшкө нааразы болгондордун катарында Абайнур Большевиков болсо буларды жазды:


Ош шаардык мэриясынын өкүлү Азамат Абсаттаров: “Терроризм, экстремизм менен тиешелүү органдар тынымсыз күрөшүп жатат. Мындай иш-чаралар да керек. Балким атасы экстремист “терроризмге каршыбыз!” деп кыйкырып бараткандыр. 10 адамга таасир берсе да жакшы жыйынтык. Ош шаары, Ош облусунда экстремисстик идеяларды колдогон адамдар көп экенин унутпайлы!” – деген комментарий таратты.

Кечээ Ош шаардык мэриясы “Коопсуз ордо” долбоорунун алкагында экстремизм жана терроризмге каршы жөө жүрүш өтөрүн эскерткен. Ага байланыштуу Ленин көчөсү Гапар Айтиев көчөсүнүн кесилишинен борбордук аянтка чейин убактылуу жабыларын маалымдаган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of