Президент илим менен практиканы айкалыштырган адистер аз деди

“Илимди абстракттуу изилдөөлөргө эмес, экономиканы, социалдык чөйрөнү, жалпы мамлекетти өнүктүрүүгө багыттоо зарыл. Практика менен илимди айкалыштырып, учурда талап кылынып жаткан адистик атайын кесиптерди өнүктүрүүгө көңүл бурушубуз керек. Конкреттүү иш жасаган адистер аз болуп жатат», деди Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-ноябрда илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде.

 Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, президент Сооронбай Жээнбеков илимий изилдөөлөр үчүн мамлекеттик заказ өкмөттүн деӊгээлинде аныкталып, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн кандай багыт боюнча, кайсыл проблеманы изилдөө керектиги, ага канча каражат бөлүнөөрү белгилениш керектигин айтты.

«Өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн илимдин, билимдин, интеллектуалдык ресурстун мааниси өзгөчө. Биз эмгек ресурстарынын саны менен атаандаштыкка туруштук бере албайбыз. Биз өнүгүү, атаандаштыкка туруштук берүү үчүн калктын саны эмес, адам ресурстарынын сапатына көңүл бурушубуз керек. Билим жана илим мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүн камсыз кылган негизги фактор болушу керек», — деди ал.

Ал келечекте нанотехнология, биотехнология, композиттүү материалдар, маалыматтар технологиялары глобалдык экономиканын жүзүн аныктай турганын белгилеп, бул багыттагы иштерди ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен өнүктүрсө болоорун белгиледи. Президент сыйланып жаткан ар бир лауреаттын атын атап, жасаган иштери үчүн тереӊ ыраазычылыгын билдирди.

 

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика