Президенттин алдында мекендештер кеңеши түзүлдү. Тизме

prezident.kg

Президенттин алдында чет өлкөдөгү мекендештер менен байланышуу кеңеши түзүлдү.

Өлкө башчысынын маалымат кызматы билдиргендей, аталган кеңештин максаты чет өлкөдө окуп, иштеп жаткан мекендештер менен мамилени бекемдөө. Алар аркылуу инвестиция салууну, башка өлкөлөр менен тажрыйба алмашууну жакшыртуу болуп саналат.

Ошондой эле, мекендештердин өлкөгө экономикалык инвестициясалуусун ушул кеңеш көзөмөлдөйт.

Аталган кеңештин курамы:

Жээнбеков Сооронбай Шарипович – Кыргыз Республикасынын Президенти, Кеңештин төрагасы;

Омурбекова Алтынай Сейтбековна -Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице — премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;

Эсеналиев Досалы Акпаралиевич – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Кеңештинтөрагасынын орун басары;

Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевич – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы, Кеңештин катчысы;

Кеңештин мүчөлөрү:

Касымалиева Аида Камчыбековна – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Сыдыков Данияр Батырович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Иманалиев Данияр Шаршенбекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы;

Айдарбеков Чингиз Азаматович –Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

Панкратов Олег Михайлович– Кыргыз Республикасынын экономикаминистри; Кендирбаева Догдуркул Шаршеевна – “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору;

Молдокматов Жениш– “Замандаш” кыргызстандыктардын жана мекендештердин эл аралык конгресси» ассоциациясынын лидери (макулдашуу боюнча);

Бегиева Джамиляхан Абжашевна – “Мекеним Ала-Тоо” коомунун төрагасы, Россия Федерациясы, Москва шаары;

Акаев Каныбек Муталиевич – “Бакай-Ата” региондук коомдук уюмунун жетекчиси, Россия Федерациясы, Новосибирск шаары;

Кубатбеков Турсунбай Сатымбаевич– “Кыргыз биримдиги” региондор аралык коомдук уюмунун жетекчиси, Россия Федерациясы, Москва шаары;

Мырзабеков Эгемберди Биймырзаевич – “Москва шаарындагы жана Москва облусундагы кыргызстандыктардын союзу” региондор аралык коомдук уюмунун жетекчиси;

Каримов Камчыбек Камбарович – “Киргизия-Урал” Свердлов облустук коомдук уюмунун жетекчиси, Россия Федерациясы, Екатеринбург шаары;

Осмонбеков Кубанычбек Бекболотович – “Ишкерлердин Эл аралык Ассоциациясы” региондук коомдук уюмунун жетекчиси, Россия Федерациясы, Москва шаары;

Чериков Азизбек Арапбаевич – “Менин Кыргызстаным” Хакас региондук коомдук уюмунун жетекчиси, Россия Федерациясы, Абакан шаары;

Батаева Назгуль Жанышбековна – Красноярск шаарынын кыргыздарынын улуттук маданий автономиясынын жетекчиси;

Сманова Канзада Нурманбетовна – “Биримдик” региондук коомдук бирикмесинин жетекчиси, Россия Федерациясы, Тюмень шаары;

Акматов Толкунбай Усенович – “Ноокат-Каймос” коомдук бирикмесинин жетекчиси, Россия Федерациясы, Москва шаары;

Мамаева Октом – Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Санкт-Петербургдагы Кыргыз маданий автономиясынын төрагасынын орун басары;

Исмаилов Азамат Турдукеевич – Кыргыз Республикасынын Украинадагы соода-өнөр жай палатасынын «Бустер трейд» КУ башкы директору, «Кыргызстандын агрардык платформасы» коомдук уюмунун президенти;

Сыдыков Алтынбек Тойчубаевич–Алматы шаарындагы Замандаш ассоциациясынын өкүлү, Казакстан Республикасы;

Шаматов Дуйшон – Назарбаев Университетинин Жогорку билим мектебинин ассоциирленген профессору;

Аширбеков Жарашбек Абжалбекович – ишкер, АДС/Айкидо, Джиу-Джитсу борборунун менеджери, Казакстан Республикасы, Астана шаарынын өзүн-өзү коргонуусу;

Абдыкадырова Бурул Абдыкадыровна – Ташкент шаарындагы кыргыз маданий борборунун мүчөсү, Өзбекстан Республикасы;

Курманбаев Курстанбек Ибраимович – Тажикстан Республикасындагы «Мекендеш» улуттук-маданий борборунун төрагасы, Тажикстан Республикасындагы »Хенкель» компаниясынын расмий өкүлү болуп саналат;

АкматовТоктобек Маматович – Гуанчжоу шаарындагы «Goldmark Group Limited» соода-транспорт компаниясынын негиздөөчүсү, Кытай Эл Республикасы;

Калилов Эмиль – Жеке ишкер, Корея Республикасы;

Сарыгулов Айбек Жамангулович –Түркия Республикасындагы «Кыргызстандын достук жана маданият коому» коомдук фондусунун төрагасы;

Такабаев Тимурлан Айдарбекович – Анкара шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү, Түркия Республикасы;

Ниязалиев Дастан Нарынбекович – Мюнхен шаарындагы кыргызстандыктардын «Ордо» коомдук бирикмесинин тең төрагасы, Германия Федерациялык Республикасы, Мюнхен шаарындагы Жогорку прикладдык башкаруу мектебинин экзамен алуу бөлүмүнүн референти;

Тоялиева Гульнур –”Kyrgyz Club Austria” негиздөөчүсү;

Жусупова Рахат  – Кыргызстандыктардын эдинбургдук коомунун лидери, Улуу Британия, «Waitroseand Partners» компаниясынын кызматкери;

Жантаев Эрбол Тургунович –  Филадельфия шаарындагы кыргыз диаспорасынын төрагасы, АКШ, Пенсильвания штаты;

Улан Азимбаев – Чикаго шаарындагы кыргыз маданий борборунун директору, АКШ, Иллинойс штаты;

Казыбаева Мира –”Kyrgyzstanis in Canada” коомчулугунун негиздөөчүсү, Канада, Торонто шаары;

Керимбекова Атыркуль Сардарбековна – “Kirghizistan unito in Sardena” кыргызстандыктардын коомчулугунун өкүлү, Италия, Кальяри шаары;

Мыйтанова Жанара Борончуевна – Фейсбуктагы «БАЭ жаштар демилгеси тобу» социалдык топтун администратору, «Silk Road Holidays Homes Rental LLC» компаниясынын тең ээси;

Суранчиева Малика Токторбековна – Катардагы кыргыз диаспорасынын өкүлү;

Акималиева Айгуль Акималиевна – Малайзиядагы кыргыз диаспорасынын лидери.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика