Прокуратура Атамбаевдин Түркиядагы байлыгы тууралуу маалыматты УКМКга жиберди

Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Түркиядагы байлыктары боюнча интернетке жарыяланган маалыматтарды УКМКга жиберди.

Башкы прокуратурадан “Калыс Медиага” билдиришкендей, териштирүү тууралуу эч кандай арыз түшкөн эмес.

“Коомдук ишмер Эдил Байсалов Атамбаевдин байлыгын териштирүү үчүн прокуратурага кайрылдым деп жатат. Бирок биз 2016-2017-жылдагы кайрылууларды карап көрдүк, бизге кайрылган эмес экен. Ал эми биз интернетте жарыяланган маалыматтардын бардыгын каттоого алып, ошонун негизинде табылган материалдарды УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына жибердик”, – деп билдирди Башкы прокуратуранын өкүлү.

Былтыр 5-апрелде экс-президент Алмазбек Атамбаев ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алган. Ошондо ажо 2003-жылы январда Түркиянын Измир шаарындагы өнөр жай ишканасындагы өзүнө таандык акциялар пакетин түркиялык ишкерге ошол кездеги 45 млрд түрк лирасына, же ошол кездеги курс менен 35 млн долларга сатканын күбөлөндүргөн документтерди бергени кабарланган.

Ошондон кийин коомдук ишмер Эдил Байсалов Түркияда документтерди териштирип,  Атамбаев көрсөткөн документтерде так эместиктер бар экенин айтып чыккан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика