Шайлоо штабынын эсепчиси боюнча Атамбаевдин айткандары иликтене баштады

апрель тв

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “СДПК партиясынын шайлоо штабынын эсепчиси жана анын үй-бүлөсүнө коркунуч туулду”  деген билдирүүсү боюнча ИИМ иликтөө баштады. 

Сооронбай Жээнбекводун шайлоо штабында эсепчи болуп турган Надира Сатыгул кызы чуулуу документ интернетке жарыяланардан төрт күн мурда – 11-ноябрда Кыргызстандан чыгып кеткен. Бул тууралуу ИИМ чек ара кызматынын маалыматына таянып билдирди.

Андан кийин 18-ноябрда эсепчинин уулу  Адилет Сатыгулов да сыртка чыгып кеткен.

Эгер чындап эле өмүрүнө коркунуч жаралса, Ички иштер министрлигине кайрылсын. Анын коопсуздугу сакталат жана акыйкат иликтөө жүргүзүлөт”, – деп айтылат билдирүүдө.

Алмазбек Атамбаев акыркы интервьюсунда КСДПнын эсепчиси, Жээнбековдун шайлоо фондуна жооптуу болгон Надира Сатыгул кызы өз өмүрүнө корккону үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген. Экс-президент ошондогу эсеп-кысапты билген бардык адамдар коопсуздугуна тынчсызданарын кошумчалаган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика