УКМК: Бишкекти Жаңы жылга жасалгалоодон 8 млн сом зыян болгон

2017-жылды утурлай Бишкек шаарын жаңы жыл майрамына жасалгалоодо мамлекет казынасына дээрлик 8 млн сом зыян болгон. Бул боюнча Бишкек мэриясынын жана “Бишкекшаарсвет” ишканасынын кызматкерлерине кылмыш иши ачылды. Мындай маалыматты УКМК таратты.

Биринчиден, бул эки мекеменин жооптуу кызматкерлери Бишкекти Жаңы 2017-жылга жасалгалоо боюнча тендерди мыйзамсыз өткөрүшкөн. Алдын ала эле жеңүүчүнү аныктап, GrandPRO ишканасы менен 16 млн 250 миң сомго келишим түзүшөт. Кийин ушул эле фирмага кошумча 2 млн 19  миң сом мыйзамсыз которулган.

Аткарылган иштердин актыларына ылайык, жабдык жана башка материалдардын баасы 13 млн 258 миң сом болгон. Бирок GrandPRO  ЖЧКсынын бажы декларациясында чыныгы баа 7 млн 428 миң сом болуп чыкты. Ошентип, негизсиз  наркты көтөрүп салуу дээрлик 6 млн сомго жакындайт.

А жалпы мамлекетке келтирилген чыгым – ашыкча акча которуу жана наркты көтөрүү менен 7 млн 849 миң сом.

Бишкек мэриясынын жана “Бишкекшаарсвет” ишканасынын кызматкерлерине прокуратура 16-ноябрда кылмыш ишин козгоду.

“Кактус” ошол жылы Бишкек Жаңы жылга кандай жасалгаланганын сүрөттөр менен эске салды:

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of