Жашоодо шайыр, сахнада сүрдүү. Алп актер Муратбек Рыскулов тууралуу 7 факты

Бүгүн кыргыз кино жана театр искусствосуна жол салгандардын бири, кыргыз маданиятынын өчпөс жылдызы, СССРдин Эл артисти Муратбек Рыскуловдун туулган күнү. Кандай гана роль болбосун өзөгүнө жеткире аткарган теңдеши жок актер кинодо да, театрда да элдин эсинде түбөлүккө калган каармандардын образын жараткан.

Эрте тапталган актердук талант. Муратбек Рыскулов 1909-жылы 23-ноябрда Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Болочоктогу актер бала-чагынан эле элдик жомокторду, уламыштарды угуп чоңойгондуктан актердук таланты эрте эле таптала баштаган. Айылда чоңойгон болочоктогу актер бүт өлкө тааныган инсанга айланганда да карапайымдыгын жоготкон эмес.

Жашоодо шайыр, сахнада олуттуу. Муратбек Рыскулов мектепти аяктаган соң бүт өмүрүн кыргыз искусствосуно арноону чечет. Ошентип, 1936-жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик драма театрында (азыркы — А. Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театры) иштей баштайт. Анын сахнага болгон алгачкы кадамы ошол эле жылы “Кайгылуу Какейдеги” Чойбектин ролу менен башталат. Аны менен бирге эле театрдын алдындагы студияда актердук чеберчилигин өркүндөтөт. Актер 1941-жылдан тарта Кыргыз драма театрында (азыркы — Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры) сахнага чыга баштайт. Ошол эле кезде театр коомчулугунун ар кандай иш-чарларына активдүү катышуусун токтоткон эмес. Өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз театр коомун башкарып, чыгармачыл сынактарды өткөрүп, анда калыстык да кылып келген. Муратбек Рыскулов театрда бири-биринен айырмаланган күчтүү ролдору менен элдин эсинде калган. Анын ар-бир ролу көрүүчүлөрдүн жана чыгармачыл чөйрөнүн купулуна толуп, чоң талкууларды жараткан. Алардын бир бөлүгү “Атанын тагдырындагы” Акылбек, “Курманбектеги” Тейитбек, “Ревизордогу” Городничев, “Егор Булычевдеги” Булычев, “Менин айылымдагы” Рыспектин ролдору. Замандаштарынын айтымында, сахнадагы Муратбек менен жашоодогу Муратбек эки башка болчу. Сахна сыртында тамашакөй келип, кичинекей балдарга теңелип ойногон шайыр адам болгон. Ал эми сахнага чыкканда өзүнүн көрүнүшү да каардуу келген алп актер ар бир ролуна олуттуу мамиле жасап, күн-түн дебей даярданчу. Жаштарга да ар дайым кеңештерин берип, аларды театрга жоопкерчиликтүү мамиле жасоого үндөөчү.

Корол Лирди кыргызча “сүйлөткөн”. Муратбек Рыскулов Лондон шаарындагы белгилүү “Юнити” театрында корол Лирди кыргызча “сүйлөткөнү” менен да белгилүү. Англиялык драматург Уильям Шекспирдин 400 жылдык маарекесинде Лондондо дүйнөнүн булуң-бурчунан менмин деген маданият адамдары чогулат. Сахнага чыккандардын арасында Муратбек Рыскулов да болгон. Ал аткарган корол Лирдин кыргызча монологу көрүүчүлөрдүн дүркүрөткөн кол чабуусуна татыган. Эртеси Англиянын абройлуу басылмалары актер тууралуу жазып чыгышкан. Бул роль ага дүйнөлүк атаң-даңк алып келген.

Кино дүйнөсүнө аттануу. Муратбек Рыскулов бир гана сахнада эмес, кинодо да өчпөс ролдорду жаратканы баарына белгилүү. Ал өлкөдө көркөм фильм студиясы пайда боло электе эле кыргыз актерлорунун арасынан алгачкылардан болуп киного катыша баштаган. Актер театрда 15 жылга жакын иштеген соң, 1949-жылы кино дүйнөсүнө аттанат. Кинодогу тушоосу Максим Горький атындагы кинокомпаниянын алкагында тартылган “Алитет тоо таянды” тасмасында кесилет. Андан соң бири-биринен кем калбаган “Илья Муромецте” Неврюй, “Тянь-Шандын кыздарында” Аширбай, “Караш-карашта” Сарсен, “Отко таазимде” Ажи, “Көчөдө” Бороштун ролдорун жаратат.

Кыргыз киносунун туу чокусу – “Бакайдын жайыты”. Кино чөйрөсүндөгү көпчүлүк инсандар Кыргызстандын кино тарыхындагы эң мыкты тасма катары Төлөмүш Океевдин “Бакайдын жайытын”  эсептешет. Муратбек Рыскулов тасмадагы башкы каарман Бакайдын ролу аркылуу кыргыздын нукура касиеттерин эң сонун деңгээлде көрсөтө алган. 1966-жылы экранга чыккан фильм бир топ эл аралык абройлуу сыйлыктарга татыган. Тасманы башында СССРдин мамлекеттик кинематография комитети жактырбай коет. Экранга чыкпай калуу коркунучуна кептелген фильм Чыңгыз Айтматовдун кийлигишүүсү менен гана көрүүчүлөрдүн назарына чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Технология менен жаратылыштын кагылышуусун сүрөттөгөн кино баары бир аз да болсо оңдоп-түздөөдөн өтөт. Бирок, ага карабай эки залкардын – режиссер Төлөмүш Океев менен актер Муратбек Рыскуловдун ат көтөргүс эмгеги менен айтылуу “Кыргыз кереметинин” туу чокусу болгон фильм жаралган.

Алп таланттардын үй-бүлөсү. Муратбек Рыскулов Кыргыз Республикасынын Эл баатыры, улуу актриса Сабира Күмүшалиева менен сахнада да, жашоодо да чогуу болушкан. Эки залкар инсан 38 жыл бирге өмүр кечиришип, төрт баланы тарбиялашкан. Алардын ичинен уулу Искендер ата-энесинин жолун жолдоп актер, театр режиссеру болуп эмгектенген. Ал 1986-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти наамын алган.

Кызы Нуржамал Рыскулованын айтымында алар балдарына татыктуу тарбия беришип, жогорку билим алуусуна шарт түзүшкөн.

Сыйлыктары. Муратбек Рыскулов 1974-жылы 1- февралда Фрунзе шаарында каза болуп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

1967-жылы Муратбек Рыскуловго “Король Лир” спектаклинде Лирдин жана “Атанын тагдыры” спектаклинде Акылбектин ролдорун аткарууда жогорку чыгармачылык чеберчиликке жетишкендиги үчүн “Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты” деген наам берилген. Таланттуу актердун чыгармачыл эмгеги жогору бааланып, Ленин ордени баш болгон бир нече сыйлыктар менен сыйланган.

Муратбек Рыскуловдун ысымы Нарын облустук музыкалык драма театры жана Бишкек шаарындагы көчөгө ыйгарылган.

Даярдаган: Азат Бектур

Сүрөт: Александр Федоров

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика