Самара Каримованын ордуна актер Каримов директор болду

Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайынын директору болуп Нурлан Каримов дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Маданият маалымат жана туризм министри кол койгон.

Каримов буга чейин Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматын аркалап келген.

Каримов бир катар клиптерде, кыргыз кинолорунда роль жаратып элге таанылган.

Билими – жогорку, Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетин аяктаган. Бир катар окуу жайларда, музыкалык орто мектептерде иштеп келген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика