Аба ырайы: -17 градуска чейин суук болот

Бүгүн, 26-ноябрда абанын температурасы төмөндөп, суук болот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12° суук болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -3…-8° суук болору күтүлүудө.

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5° суук, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -12…-17°,  күндүз 0…-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13° суук болушу күтүлөт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика