Абылгазиев Минск шаарына барат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Минск шаарында өтүүчү Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышат.

 Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, иш-чара эртең, 27-ноябрда болот.

Жыйында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин кызматташуусу, мамилени андан ары тереңдетүү маселелери каралат.

Ошондой эле биримдиктин санариптик тартибин ишке ашыруу, каржы рыногунун концепциясын иштеп чыгуу сыяктуу маселелер талкууланмакчы. ЕАЭБдин 2019-жылга бюджети каралып, узап бараткан жылдары ички рынокто тоскоолдуктарды четтетүү боюнча отчет берилет.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Минск шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы парктын салтанаттуу ачылышына катышат.

Буга катар Премьер-министр ошондой эле Белорус жогорку технологиялар паркына, Беларусь ГС1 Автоматтык идентификатташтыруу ассоциациясына, «Великий камень» индустриалдык паркына жана агрокомбинатка барат.

Евразия экономикалык биримдигине Россия, Белоруссия, Азербайжан, Кыргызстан жана Казакстан мүчө. Кыргызстан бул биримдикке 2015-жылы 12-августта толук кандуу кошулган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика