Башкы прокуратура ИИМден коррупциянын илинчегин тапты

Башкы прокуратура экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгы тарабынан Бишкек шаарынын аймагы үчүн эвакуатордук унааларды сатып алуу үчүн өткөргөн конкурстун мыйзамдуулугун текшерген.

Башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы билдиргендей, өткөрүлгөн конкурс боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, алдамчылык беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул тендердин баасы боюнча 2017-жылы 1 сом суммасында белгиленген эле, бирок кийин ИИМ жана “П.Г” ЖЧКсынын ортосунда кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча келишим 1350 сом деп көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары автотоктомолордо да мыйзамсыз иштер орун алып, мамлекетке белгилүү өлчөмдө зыян келтирилген.

Козголгон кылмыш иштери  тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика