Баткен: алыскы айылда жаңы агартуу жайы ачылды

Баткен районунун алыскы Кан айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова билдиргендей, агаруу жайы заманбап шартта жасалгаланып, ашкана, спорт залы жана жуунучу жайы менен бүткөрүлгөн.

Мектептин курулушу 2015-жылы башталып, республикалык бюджеттен 43,5 млн. сом бөлүнгөн.

Ал эми эски мектеп 1936- жылы курулуп, дубалы сынч-ылай менен тургузулган.

Быйылкы жаң окуу жылында облуста  үч типтүү мектеп пайдаланууга берилген. Учурда облуста 23 мектептин курулушу жүрүп жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика