Бишкектин бир катар бөлүктөрүндө жарык болбойт

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкектин бир катар ири көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.

«Түндүкэлектр» ишканасынан билдиришкендей, өчүрүүлөр оңдоо иштерине байланыштуу болот.

Борбор калаанын Дордой, Көк-Жар, Ак-Бата, Кара-Жыгач, Чоң-Арык, Ак-Ордо конуштарында жарык убактылуу берилбейт.

Мындан сырткары Жамбыл, Тоголок Молдо көчөлөрүндө да жарык жок болот.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика