БУУнун коопсуздук кеңеши Азовдогу кырдаал боюнча кезексиз жыйынга чогулат

Members of the United Nations security council sit during a meeting on the crisis in Ukraine, at the U.N. headquarters in New York March 19, 2014. REUTERS/Shannon Stapleton (UNITED STATES - Tags: POLITICS)

Бириккен улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши Азов деңизиндеги кырдаалды талкуулоо үчүн кезексиз жыйынга чогулууга даярданууда. Бул тууралуу АКШнын БУУдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ники Хейли Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, коопсузудк кеңеши АКШ убактысы боюнча саат 11:00дө (Бишкек убактысы боюнча 22:00) жыйынга чогулушмакчы.

  • Орусиянын чек арачылары Керч кысыгынан чыгып келаткан украин флотунун кемелерине каршы курал колдонушуп,  Орусия үч украин кемесин тең басып алган.
  • Учурда Украинада аскердик абал киргизүүгө даярданууда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика