Кытайдагы кыргыздар Сооронбай Жээнбековдон жардам сурап кайрылышты

Кытайдагы кызылcуулук кыргыздарды колдоо комитети президент Сооронбай Жээнбековго жардам сурап, кайрылуу жолдошту. Алар билдирүүсүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялашкан.

Кайрылууда Кытайдагы кыргыздар “кайра тарбиялоо лагерлерине” себепсиз камалып, жоопко тартылып жатканы, алардын арасында Кыргызстандын жарандары да бар экенин айтып, президенттен камалган кыргыздарды бошотууга жардам берүүнү суранышкан.

“Кытайда «Саясий үйрөнүү лагери» деп атап, бул жактан окуп же иштеп барган кыргыздарды бейкүнөө абакка камап, түрдүү оор соккуларды көрсөтүшүүдө. Кыргыздар эч кандай мыйзамды бузбаса же мамлекеттин кызыкчылыгына каршы чыкпаса дагы, жоопко тартылышууда. Анын ичинде оор кыйноодон улам каза болгондор дагы бар. Эл аралык коомчулук аталган лагерлерде жүз миңдеген күнөөсүз жанга кыйноонун эң оор түрү көрсөтүлүп жатканын билдирүүдө. Кытайга кетип дайыны чыкпай калган жарандарыбыздын жана кандаштарыбыздын үй-бүлөөсү ошондой эле балдары кыйын абалда калышты. Жакындарыбыздан кеткен боюнча кабар болбой, айрымдарыбыз 2 жылдан бери байланыша албай калдык. Биз алардын өмүрүнөн кооптонуп тынчсызданып жатабыз. Кытайда тууган-уруктарыбыз жапырт камалууда, байланыш дагы кылдырбай жатат”,-деп жазылат кайрылууда.

Буга чейин Кытайда жашаган казак улутундагы жарандарга жасалган мамилеге байланыштуу Казакстан бийлиги Кытайга бир канча жолу нота менен кайрылып, тынымсыз жасаган аракетинин натыйжасында ондогон казактын эркиндикке чыкканын мисал катары айтышкан.

Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автоном округунун Актоо ооданындагы 1500дөй кыргыз жашаган Кайыз айылында 300 киши камакка алынганы буга чейин кабарланган.  Маалыматты “Эркин Азия” радиосу 13-ноябрда кызылсуулук кыргыздын маалыматына таянуу менен кабарлады. 

Кыргызстандагы кытайлык кайрылмандар да туугандары четинен камалып, расмий Бээжин “тарбиялоочу лагерь” деп атаган жайларда отурганын айтып жүрүшөт. Алар бул жайлар лагерь эмес эле, кармалгандарды кыйнаган түрмө экенин белгилешкен. Алардын бири – беш жыл мурда тарыхый мекенине келип, жарандык алып, учурда Караколдо жашап жаткан Турсунаалы Үсөн. Ал Казакстан кытайлык кыргыздардын көйгөйүнө көңүл бөлүп жатканын айтып, бирок Кыргызстандын бийлиги аларды “көз жаздымда калтырууда”,- деп кабатыр.

Кулжадагы Шаты айылынан келгем. Ата-энем, туугандарымдын баары Кытайда. Азыр алар менен кабарлаша албай калдык. Бирок ал жактан кабар алгандардан маалымат угуп атабыз. Ал айылда мурда беш мектеп бар болчу. Уйгур, казак, кытай, кыргыз, монгол тилдеринде эле. Азыр анын баарын жоюп, кытай тилинде гана сабак өтүп калышыптыр. Ата-энемдин жашы 80ге таяп калды. Алар камалган жок. Башка туугандарым бүт камакта. Менден кийинки бир тууган иним бар эле, аны эч жүйөсүз 25 жылга кесишиптир. Булардын эч күнөөсү жок. Тек гана кыргыз, мусулман болгону үчүн азап чегип атышат. Айылыбызда эч ким деле калбаптыр. Куда-сөөктөрдүн баары эле камалыптыр деп уктум. Жашы 70тен ылдый болгондордун баары эле камакта экен. “Тарбия берүүчү лагерь” деп айтылганы менен түрмө эле“, – дейт Турсунаалы Үсөн.

Аталган радио кайыздык кыргыз менен байланышканда ал адамдар негизсиз эле жапырт кармалып жатканын айтып берген. Шинжаңда Кытайдагы кыргыз окумуштуулары да кармалганы айтылууда.


Биз буга чейин Шинжаңдагы уйгурлар тууралуу жазганбыз:

Миллиондук концлагерь. Кытайдагы уйгурлардын азыркы абалы кандай?

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика